Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Израил Орусияны Хамас менен сүйлөшүү өткөргөнү үчүн сынга алды


Бул тууралуу Израилдин премьер- министринин милдетин аткаруучу Эхуд Ольмерт менен орус президенти Владимир Путиндин кечээ телефон байланышуусу учурунда айтылган. Эхуд Ольмерттин пикиринде, Москвадагы сүйлөшүүлөр Хамасты согушчан саясатын жана Израилди таануудан баш тартуусун улантууга гана шыктандырат. Январдагы шайлоодо жеңишке жетишип, азыр палестин өкмөтүн түзүп жаткан Хамас уюмунун саясий жетекчилиги менен орусиялык расмий өкүлдөрдүн үч күнкү сүйлөшүүлөрү кечээ аяктады. Анын соңунан Хамас өз платформасын өзгөрткөнү байкалган жок. Путин кечээ АКШнын президенти Жорж Бушка да телефон чалып, Хамас менен Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кабардар кылган.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG