Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

13 кг. ашуун апийим менен Кадамжайлык аткезчи кармалды


БИШКЕК. Бишкекте баңги затын сатууга аракет кылган жеринен Кадамжай районунун тургуну кармалган. Анын “Газ-2401” үлгүсүндөгү автоунаасын текшергенде 13 кг.160 грамм апийим чыккан. Ал учурда Бишкектин убактылуу тергөө абагында. Анын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!

БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон маалымдашкандай, 7-мартта Жалалабат, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырым аралыктарында, ошондой эле Алабука, Чаткал жолдорунда көчкү жүрүшү күтүлөт.

7-мартта Ош, Жалалабат облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, туман каптайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз +7...+12 градус.
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз +6...+11.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -1... +4, күндүз +7...+12 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз +4...+9 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...+1 градус болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1...+1, күндүз +9...+11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG