Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Аялдар күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда да 8-март аялдардын эл аралык майрамы белгиленүүдө. Майрам алдында өлкөнүн бардык аймактарында бул күнгө арналган иш чара, салтанаттар өттү. Бишкектеги салтанат жыйындагы куттук сөзүндө президент Курманбек Бакиев кыргыз коому лидер аялдарга суусап турганын айтып, жергиликтүү бийлик башчыларына аялдарды тартууга убада берди. Бул жолку аялдар майрамы дубандарга мамлекеттик жогорку кызматкерлердин барышы менен айырмаланды. Айрым аймактарда эмгек алдыңкылары менен кошо былтыркы ыңкылапка жигердүү катышкан аялдарга да акчалай сыйлыктар берилди.

XS
SM
MD
LG