Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Бозпиекте набыт болгондорго куран окулат


БИШКЕК. Аксы трагедиясынын төрт жылдыгына карата укук коргоочулар бүгүн Аксы районуна жөнөп кетишти. Алар 17-мартта Бозпиекте жыйын өткөрүп, набыт болгондорго куран окушат. 2002-жылы 17-18- мартта Аксыда милициянын огунан 6 адам набыт болуп, 20дан ашык адам жарадар болгон. Жогорку сот бул окуя боюнча ишти кайра жандандырып, бирок февраль айында токтотуп койду. Жогорку сот өзү мурда чечим чыгарган ишти кайра карай алабы деген суроого Конституциялык сот 6 ай ичинде жооп бериши керек. Бүгүн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова атайын убакытты созуш үчүн иш Конституциялык сотко жиберилди жана бул жерде кызыкдар тараптар бар деп билдирди “Азаттыкка”.


Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG