Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

АРАБЧА-КЫРГЫЗЧА СӨЗДҮК ЖАРЫК КӨРДҮ


Бишкекте биринчи жолу арабча-кыргызча сөздүк жарык көрдү. Ал 40 миңге жакын сөздү кучагына камтыйт. Кыргыз тилине кылымдардан бери өз таасирин тийгизип келген араб тилин, араб маданиятын арбын үйрөнүүгө шарт түзчү бул эмгекти коомчулук жогору баалоодо.

Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев арабча-кыргызча сөздүктүн даярдалышын жана жарыкка чыгарылышын эгемендүүлүк доорунун туундусу катары эсептөө менен, ага Бишкек гуманитардык университетинин араб тилчи адистери арбын салым кошкондугуна сыймыктанат. Анын айтуусунда, университеттеги араб тилине байланышкан семинарларда ушундай арабча-кыргызча сөздүктү чыгаруунун зарылдыгы дамамат баса белгиленип, акырында минтип өз жыйынтыгын берип олтурат.

60 басма табак көлөмүндөгү эмгек, бирок, 600 гана нускада чыгарылган. Андыктан аларды китепканаларга гана таратуу керек.

Бул арабча-кыргызча сөздүк Жогорку Кеңеш депутаты Алишер Сабировдун демилгеси жана жетекчилиги менен чыгарылган. Китептин редакторлорунун бири, окумуштуу Базарбай Кодоров сөздүктүн даярдалышына жана келечегине токтолду:

-Биз араб тилин билбегенден кийин араб тили боюнча адистер менен абдан тыгыз иштедик. Бул –алгачкы саамалык болуп атат. Окурмандар, пайдалангандар өздөрүнүн ой-сунуштарын айтса сөздүктүн кийинки басылыштарында сөзсүз эске алынат. Кечиктирбей мектеп окуучуларына ылайык сөздүк түзүү, сүйлөшмө түзүү милдеттери турат алдыда.

Арабча-кыргызча сөздүктүн котормочу-түзүүчүлөрү - аткарган иштин кыйынчылыгынан да кабар берип өтүштү. Ахмад Каландаров илимий, техникалык, медициналык терминдердин кыргызчасы болбогондуктан сөздөр орус тилинде берилгендигин белгилесе, Нурдин Мамбетов бул эмгек чакан жамаат тарабынан алты жыл бою тынымсыз иштелгендигине басым койду.

Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев окуу жайдын окумуштуулары мектептин 6-9-класстары үчүн араб тили боюнча окуулук (учебник) даярдап бүтүп калгандыгын белгилөө менен, жакынкы келечекте араб тилин мектептердин окуу программасына киргизүү зарыл деген ойдо.

Ал эми жаңы чыккан арабча-кыргызча сөздүк дин адамдарына да өзгөчө пайда берерин белгилей кетели.
XS
SM
MD
LG