Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

16-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бу күн айтылуу Гай Юлий Цезардын өлтүрүлүшү жана радио менен радиобайланышты ойлоп тапкан А.С.Поповдун туулган күнү катары эл эсинде калды.

Айрым тарыхчылардын пикирине ылайык б.з.ч. 44-жылдын 16-мартында айтылуу саясатчы, теңдешсиз аскербашчы жана мамлекеттик ишмер Гай Юлий Цезарь кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөн. 60 чамалуу кутумчулар Цезарды сенатка бараткан жолунан акмалашып, анын денесине 23 жаракат келтиришкен. Гай Юлий Цезарь өз мезгилинен артык туулган жан болгон. Анын мамлекет башкаруу ыкмасы жана тарыхчылык эмгектери азыр да колдон-колго өтө баштап келет.

1859-жылы атактуу орус окумуштуу-физиги жана радиотехник, радио менен радиобайланышты ойлоп тапкан А.С.Попов жарык дүйнөгө келген.

1882-жылы АКШ президенти Т.Джефферсон Вест-Пойнттогу АКШ Аскер Академиясын куруу туурасында жардык чыгарган.

1935-жылы Германия Версаль келишиминде каралган аскер статьясын бузуп, өлкөдө жалпы аскер мобилизациясын баштаган. Ошентип Германия кийин болчу 2-Дүйнөлүк согушка багыт алды.

1962-жылы СССРдин “Космос” сериясындагы биринчи спутниги учурулуп, АКШ менен аскер таймашууда согуштук паритеттин түзүлүшүнө өбөлгө пайда болгон.

Бу күнү 70 жыл мурун айтылуу актер С.Юрский жана 65 жыл мурда таанымал италиялык режиссер, драматург Бернардо Бертолуччи жарык дүйнөгө келишкен.

Мындан туура 90 жыл мурун Кыргызстанда Россия империясынын колониалдык саясатына нааразычылык күч алып, жер-жерлерде эл козголуп, 1916-жылкы боштондук күрөштүн оту тымызын тутана баштаган.

16-март 2005-жылы Жогорку Кеңешке талапкер А.Жапаровдун жактоочулары Кочкордун райондук администрация мекемесин басып алышты.
XS
SM
MD
LG