Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

АКШнын УЛУТТУК КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ЖАҢЫ ДОКЛАД ЖАРЫЯЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 16-март күнү АКШда улуттук коопсуздук боюнча экинчи доклад жарыяланды. Анда Иран, Түндүк Корея, Сирия, Куба жана Беларус зомбу мамлекеттер деп аталат. Докладда өзөктүк курал чыгарууну көздөгөн өлкөлөр АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч түзүүдө жана АКШ өзүн коргоо үчүн - алдын ала эскертүү жасабастан сокку урууга укуктуу деп да айтылат.

Доклад 49 беттен турат жана анда - эгер АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч түзүлсө, өзүн коргоо иретинде АКШ алдын ала эскертүү жасабастан сокку урууга укуктуу деген президент Жорж Буштун сөздөрү келтирилет. Ал тууралуу алгач 2002-жылы жарыяланган биринчи докладда да жазылган жана Буштун айтымында, кандай убакта жана кайсы душманга каршы андай аракет көрүлүшү мүмкүн экени так белгисиз болсо дагы, андай мүмкүндүк жокко чыгарылбайт.

Докладда - АКШнын коопсуздугуна азыркы учурда эң чоң коркунуч Иран тарабынан жаралып жатканы тууралуу айтылат. Бул өлкөнүн өзөктүк программаларынан чыккан маселе жакын арада Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде каралууга тийиш. Доклад жарыяланган күнү АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Австралияда болчу жана Ирандын программалары тууралуу ал минтип айтты:

"Маселе азыр Коопсуздук Кеңешине жөнөтүлдү жана мен ишенем, Иранга каршы кандай талап коюлууга тийиш экенин Коопсуздук Кеңеши карап чыгып, аны туура ыкмада ирандыктарга билдирет. Париж келишиминин шарттарына каршы келген аракеттерин токтотуп, Иран кайрадан сүйлөшүүлөргө кошулууга тийиш жана дүйнөлүк коомчулуктун айтканына Тегеран кулак сала турган убакыт келди", - деди Райс айым Сидней шаарында 16-март күнү.

Коопсуздук Кеңешинин жыйыны алдында азыр - ага мүчө болуп кирген мамлекеттердин өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, докладда болсо - маселени дипломатиялык жол менен чечүү аракеттери дагы улантылууга тийиш деген президент Буштун сөздөрү келтирилет.

Докладда Ирандан башка мамлекеттер дагы сынга алынган. Мисал үчүн, Түндүк Кореяда жүргүзүлүп жаткан өзөктүк изилдөөлөр жалпы дүйнөлүк абалга, анын ичинде АКШга да коркунуч түзөт жана бул мамлекет өзүнүн саясий системасын эл аралык коомчулукка ачууга тийиш. Дүйнөлүк террорчулукка Сирия тараптан мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканы тууралуу да сөздөр бар.

Орусияда болсо акыркы жылдарда демократиялык эркиндиктер чектелип жатканы сынга алынат жана Вашингтон менен Маскөө ортосундагы байланыштар - орус жетекчилигинин жакынкы келечектеги тышкы жана ички саясаты кандай болооруна көз каранды деп жазылган. Кытай жетекчилиги өлкөдө башталган реформаларды улантууга чакырылат жана өлкөнүн саясий системасы ачык болууга тийиш деп айтылат. Латин Американын Венесуэла мамлекетинин саясаты болсо региондогу абалды бейстабилдештирип жатат деп сыпатталган, ал эми анын президенти Уго Чавес демагог деп аталган.

XS
SM
MD
LG