Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Эмгек жана биримдик партиясынын 2-курултайы өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Эмгек жана биримдик партиясынын 2-курултайы болуп өттү. Ага өлкө аймагынан келишкен бир миңге чукул делегат катышты. Анда негизги маселе Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык кырдаал жана аталган партиянын жакынкы мезгилдердеги милдеттери тууралуу маселелер каралды. Партиянын теңтөрагасы Юруслан Тойчубековдун айтымында, Кыргызстанда тез аранын ичинде экономикалык реформа жүргүзүлүшү зарыл. Антпесе жаңы бийликтин элге берген убадасы сөз жүзүндө калышы мүмкүн. Эмгек жана биримдик партиясынын 10 миңден ашуун мүчөсү бар деген маалыматтар айтылууда.

XS
SM
MD
LG