Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Кол өнөрчүлөр мыйзамдуу болушту


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев элдик кол өнөрчүлүктү кайра жандандыруу жана өнүктүрүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Маданият министри Султан Раевдин айтымында, бул мыйзам устачылык, зергерчилик менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жардам берет. Аталган мыйзамдын жоктугу буга чейин кыйла тоскоолдуктарды жаратып, ал өз кезегинде улуттук баалуулуктардын кеңири жайылышына тоскоолдуктарды жаратып келген.

АБА ЫРАЙЫ

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 20-мартта түнкүсүн Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17 градус.
Таласта түнкүсүн 0...-2, күндүз +10...+15 градус болот.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус.
Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз +3...+8 градус.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +12...+14 градус.

Күндүн узактыгы 12 саат, 08 мүнөт.


Бурулкан Сарыгулова

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG