Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

20-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Мурат Кожобеков, Бишкек Мындан 600 жыл мурун Низам ад-Дин Шами “Зафер-наме” чыгармасын бүткөргөн. Анда Кыргызстанга байланыштуу кызыктуу маалыматтар келтирилет.

Мындан 600 чамалуу жыл мурун орто кылым аалымы Низам ад-Дин Шами Тимурдун эрдиктерин даңазалаган эмгегин бүткөрүп, аны өкүмдардын өзүнө тартуулаган. Тимур чыгарманы жактырып, ага “Зафер-наме”, тактап айтканда “Жеңиш китеби” деген ат берген. “Зафер-намеде” Кыргызстандын жер аталыштарына байланыштуу кызыктуу маалыматтар камтылат.

1913-жылдын март айында “Пржевальский - сельский хозяин” аталыштагы Кыргызстанда биринчи печаттык басылма жарык көргөн. Анда расмий материалдар менен бирге, айыл чарбасына байланышкан баалуу кеңештер басылган.

1920-жылдын 20-мартында М. В. Фрунзе менен В.В. Куйбышевдер Пржевальск уезддик партиялык комитетине, жергиликтүү кулактардын зыяндуу иштерине каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүлөрүн талап кылган телеграмма жолдошкон.

2005-жылдын 20-мартындагы Кыргызстандын саясий кырдаалы темирдей кызып, өлкөнүн туш тарабынан - “жолдор буулуп, администрация мекемелер басылып алынды” деген кабар түшүп атты.

20-март француз тилинде сүйлөгөндөрдүн Эл аралык Франкофония күнү катары белгиленет. Бүгүнкү күндө Франкофония биримдигине дүйнөнүн 47 өлкөсүндө жашаган француз тилинде сүйлөгөн адамдар баш кошушат.

Айрым тарых хроникаларына караганда, 1613-жылдын 20-мартында костромалык дыйкан Иван Сусанин орус падышасы Михаилды коргойм деп каза болгон. Ал поляктарды адаштырып, азгырма жолго буруп, сазга кептеген. Кийин анын эрдигине деп айтылуу опера жазылган.

1998-жылдын 20-мартында Тоолуу Карабах обком партиясы, автономиялык областты Азербайжандан бөлүп, Армяндарга кошуу чечимин кабыл алган. Анын айынан эки өлкө ортосунда жаңжал чыгып, территориалдык проблема бүгүн да чечилбестен калып келет.

XS
SM
MD
LG