Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

«Жалалалабат – революциянын бешиги» деген китеп чыкты


ЖАЛАЛАБАТ. Китепте экс-президент Аскар Акаевдин тактан түшүүсүн талап кылган элдин 4-мартта облустук бийликти ээлеген себептери жана ыңкылаптын натыйжасы жөнүндө сөз жүрөт. Ал облустагы «Элдердин достугу» аттуу университеттин басмаканасында алты басма табак көлөмүндө басылып чыкты. Миң нуска менен жарык көргөн жыйнак былтыркы окуяларды чагылдырган түстүү сүрөттөр менен коштолгон. Каржылык чыгымын жергиликтүү бийлик көтөрдү. Китеп 24-мартта элге акысыз таркатылат. Жыйнакты 2005-жылы 20-марттын таңында облбийликти ыңкылапчылардан бошотуу үчүн элге кол салган спецназдан токмок жегендердин бири Карыбек Өмүрбеков түзгөн.

XS
SM
MD
LG