Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Беларуска каршы санкция киргизилиши ыктымал


Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер Беларуска каршы санкция киргизүү ыктымалдыгы жөнүндө билдирди.

Анын айтымында, Беларус бийлигине виза бербөө чарасы узартылышы мүмкүн.Шаркеттин учурдагы төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник кечээ добуш берүү коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолду деп билдирген. Кечээки шайлоонун натыйжасында Александр Лукашенко дагы бир мөөнөткө бийликте калмай болду:
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Лукашенко 82,6 процент добуш менен жеңди.
Элдин катышуусу дээрлик 93 процентти түздү.
Расмий жыйынтыкка ыдайык, оппозициянын негизги кандидаты Александр Милинкевич добуштардын 6 пайызын алды. Милинкевич жыйынтыктар бурмаланды деп, кайроо шайлоо өткөрүүгө үндөөдө.
Кечээ түн ичинде Минскидеги борбордук аянтта оппозициянын 10 миңден ашуун колдоочусу чогулуп, тынч акция өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG