Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

МИНСКИДЕ ОППОЗИЦИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДА

Минскинин борборунда белорус оппозициясынын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирген жыйынын улантууда.Октябрь аянтында чатырлар тигилип, беш жүздөй киши алтүндү ошол жерде өткөрүштү. Аянтка жакын көчөлөргө милиция күчтөрү жайгаштырылды,мерчемдүү бардык жолдор буулду.

Бүгүн да эки жүздөй киши түндү аянтта өткөргөнү жатышат. Биртке суук болгонуна карабай уктагыбыз келбейт, деп айтышты “Азаттыктын” кабарчысына Октябрь аянтында турган жаштар.

Оппозициянын талапкери Александр Милинкевич бул аянтта “жаңы улут жаралып жатканын” белгиледи. “Белорустар чечкинсиз, эрки мокок, диктатурага каш кайрып, каяша кылалбайт деп көп айтышчу. Соңку алты айдын аралыгында – шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көп жылдар жасай албай келген иштерди жасадык, калк коркок билиш адаттан арылып, өз кадырын сезе баштады. Бу жерде жаштар өтө көп,алар келечекте жаңы Белоруста жашамакчы”, деп айтты Милинкевич.

Оппозициянын тарапкерлери президент Александр Лукашенкону шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп айыптап, кайта шайлоо өткөрүлмөйүнчө аянттан кетпей турганын айтышууда.

Президенттик шайлоонун жыйынтыктарын Кошмо Штаттары менен Евросоюз да тааныган жок, Россия болсо добуш берүү адилет жана эркин өттү деп эсептейт. Евросоюз Белоруссияга каршы санкциялар жарыяланышы ыктымал экенин эскертти. Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак кайта шайлоо өткөрүү талабын АКШ колдой турганын ырастады. Вашингтон азыр шайлоону бурмалаган белорус чиновниктерине каршы олуттуу кандай чараларды көрүү керектигин караштырып жатат жана бул кадамдарды Евросоюз менен макулдашмакчы.

Президент Александр Лукашенко шайлоочулар өз бүтүмүн айтканын, ал кайра каралбас чечим экенин белгилеп, революция уюштургусу келген ар кандай аракет оңунан чыкпай турганын билдирди. “Түстүү революциялардын илдетине алсыз өлкөлөр,коррупцияга баткан жана элдин кам-чомун ойлобогон бийликтер чалдыгат, Белоруссиянын бу жагынан иммунитети күчтүү”, деп айтты Лукашенко.

Соңку маалыматтарда акыркы бир сутка ичинде жүздөй киши кармалганы айтылууда. Алардын ичинде Грузиядан келген үч адам бар дешет. Тбилиси аларды тезинен бошотууну Минскиден талап кылды.

Лукашенко президенттикке ушуну менен үчүнчү жолу шайланды. Ага шайлоочулардын 82 проценттен ашыгы добуш берди. Оппозициянын кандидаты Милинкевич алты процент добуш алды.
Куржундар
XS
SM
MD
LG