Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

БЕЛАРУСТА ОППОЗИЦИЯНЫН КАРШЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫ УЛАНУУДА

Нарын АЙЫП, Прага 19-мартта Беларуста президенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, Минск шаарынын борборунда оппозициянын каршылык акциясы уланууда. Расми маалыматтар боюнча, азыркы президент Александр Лукашенко 82 пайыздан ашык добуш алган, оппозициянын айтымында болсо шайлоо жыйынтыктары бурмаланган.

Минск шаарынын борбордук аянтында үчүнчү түн бою оппозициянын каршылык демонстрациясы уланууда. Бирок биринчи түнү он миңге жакын адам чогулса, анын эртеси аянтта бир миңге гана жакын киши калган, үчүнчү түнү болсо катышуучулардын саны андан да азайганы тууралуу кабарланууда.

Анткен менен 21-март күнү аянтта тургандарга колдоо көрсөтүү иретинде бир нече европалык мамлекеттин элчилери келип, демонстранттар менен жолугуп кетти, алардин ичинде Британиянын, Франциянын, Алманиянын, Чехиянын, Латвиянын жана башка өлкөлөрдүн элчилери болду.

Шайлоого оппозиция тарабынан бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлгөн Александр Милинкевичтин айтымында, жүздөн ашык адам камакка алынды: "Бул акмактар аянтка келип, бизди кармап кетүүдөн коркот, бизди камакка алууга алардын эч укугу да жок. Ошондуктан алар адамдарды алдап аянттан алып чыгып, ошол жактан алардын колдорун кайрып, кармап кетүүдө," - деди Милинкевич 21-мартта.

Оппозициялык Бириккен жарандык партиянын төрагасы Анатоль Лябедка, студент активист Татьяна Хома, Польша парламентинин депутаты Ярослав Ягелло, Грузиядан келген үч динаятчы жана бир топ башка адам кармалганы тууралуу айтылууда.

Хома деген студент кыз жакында жаштар форумуна катышканы үчүн университеттен чыгарылган. Кечээ күнү ал 10 күндүк абакка кесилди. Оппозициялык саясатчы Лябедка 15 күнгө кесилди, анын өзүнүн айтымында, мындай соттор Беларус мамлекетинин кадыр-баркын гана кетирүүдө: "Бул - чындык жана адилеттүүлүктүн үстүнөн жүргүзүлгөн сот болду. Азыркы режим канчалык бийликте турса, ошого чейин мындай соттор боло берет, мындай соттор маскарачылык", - деди соттолгон Лябедка.

Польша менен Грузиянын тышкы иштер министрликтери Минскиге кайрылып, кармалган жарандарды бошотууну талап кылды. "Беларус бийликтеринен биз мындай аракеттерди токтотуп, Грузия жарандарын бошотууну талап кылабыз", - деди 21-мартта Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Мераб Антадзе.

АКШ жана Европа Биримдиги Беларус оппозициясына колдоо көрсөтүүдө. Милинкевич элге кайрылып, 25-март күнү ири митинг өткөрүүнү сунуш кылды. 25-март Беларуста өзгөчө күн болуп эсептелинет - Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1918-жылдын 25-мартында Беларус эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган, бирок кийин большевиктер аны СССРге кошуп алган.
Куржундар
XS
SM
MD
LG