Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

ПРЕЗИДЕНТ БУШ МЕНЕН ПРЕМЬЕР БЛЭР ИРАКТАГЫ СОГУШ МЕНЕН ДЕМОКРАТИЯНЫ КОРГОЙТ

Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш жана Британия премьер-министри Тони Блэр кечээ күнү Вашингтон жана лондон шаарларныда журналисттер менен жолугуп, Ирактагы стратегия туура деп билдирди. Ошол эле учурда Ирактагы америкалык аскерлер айланасында жаңы чатак чыкты.

Британиянын "Таймс" деген гезити бүгүнкү, 22-март күнкү санында - Иракта жаңы чыккан чатак тууралуу жазууда. Америкалык аскерлер Ирактын Хадита деген шаарында өткөн жылдын 19-ноябрында 15 карапайым адамды атып өлтүргөн деп күнөөлөнүүдө. Гезиттин жазышынча, кечээ күнү Иракка АКШдан атайын тергөөчүлөр тобу келди жана иликтөө башталды.

Американын өзүнүн "Тайм" деген журналынын кызматкерлери өз алдынча тергөө жүргүзгөн жана анын жыйынтыктары тууралуу америкалык жетекчиликке маалымат берген, бирок чара көрүлбөгөндүктөн, "Таймдын" журналисттери тапкан видеоматериалдар кечээ күнү АКШнын сыналгысы аркылуу көрсөтүлдү.

Он беш курман болгон адам - алардын ичинде жетимиштен ашкан абышка жана эки жашар бала да болгон - баары жакын аралыктан башка же көкүрөккө атып өлтүрүлгөн, алар негизинен ич кийимчен болгон, демек, өлтүрлөөрдүн алдында уктап жаткан.

Америкалык аскерий жетекчилик мурда билдиргенге караганда, алардын баары - террорчулар бомба жардыргандан өлгөн. Бирок журналисттер тапкан маалыматка караганда, бомба чындап эле жарылган, андан бир америкалык аскер курман болгон жана анын жини келген аскер достору бомба жарылган жердин жанындагы эки үйгө кирип келип, анын тургундарынын баарын атып өлтүрүп салган болуш керек. Эми тергөө жүргүзүлүүдө.

Бул окуя тууралуу америкалык бийлик азырынча эч нерсе дей элек, бирок кечээ күнү президент Жорж Буш Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, Ирактагы абал жакшы экени тууралуу дагы бир жолу кайталады: "Менде эч күмөн жок, мен ишенем, биз Иракта ийгиликке жетебиз. Ишенбесем, мен аскерлерди чыгарып кетет болчумун. Жеңишке жетээрибизге мен ишенбесем, мен биздин адамдарды ал жерде андай шартта калтырбайт болчумун", - деди Буш 21-мартта. Анткен менен эл арасындагы президентке көрсөтүлгөн колдоо акыркы апталарда бир кыйла төмөн түштү.

Иракка каршы согуш башталаар алдында Вашингтонду колдогону үчүн британиялык премьер-министр Тони Блэр эмгиче сынга алынууда. Бирок Блэр дагы кечээ күнү Лондон шаарында журналисттер менен жолугуп, Ирак менен Ооганстандагы абал жакшы экендиги тууралуу жана демократия үчүн күрөш уланууга тийиш деп билдирди: "Биз жөн гана Батыш эмеспиз. Биз канчалык мусулман болсок, ошончолук христиан дагы, жөөт жана индус дагыбыз. Биз дин аралык чыдамдуулукка ишенебиз. Биз демократияга, ачыктуулукка, эркиндикке жана адам укуктарынын сакталышына ишенебиз", - деди Блэр 21-мартта.

Президент Буш дагы 21-мартта Вашингтондо өткөн жыйында демократия тууралуу сүйлөп, демократиялык мамлекеттер бир-бири менен согушпайт, ошондуктан аимерикалык жетекчилик азыр айрым азиялык аймактар менен Жакынкы Чыгышта демократия орнотуу үчүн күрөшүп жатат деп билдирди.
Куржундар
XS
SM
MD
LG