Жыйынтыгында муздун үстүндө желим ташты жылдыруу оюнунда бул жылы да швециялык кыз-келиндер дүйнө боюнча эң күчтүү экенин көрсөтө алышты. Алар америкалык команда менен таймашып, аны 10:9 эсебинде утуп алышты. Керлинг боюнча швециялык бул топ беш жылдан бери Европада биринчиликти эч кимге бербей келатат. Жакында Туринде өткөн Олимпиада оюнунда да алар биринчи болушкан.
Төрөкул Дооров, Прага
Төрөкул Дооров, Прага