Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Коалиция Рысбек Акматбаевди шайлоодон четтетүүнү талап кылды


БИШКЕК. Балыкчы шайлоо чөлкөмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып салуу талабы менен «Демократия жана жарандык коом» үчүн коалициясы бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдоду. Катта аталган талапкердин үстүнөн болуп жаткан сот жараяны толук аяктамайынча жана мурда соттлогондугу кандайча жоюлгандыгы аныкталмайын шайлоого катыштырбай туруу керектиги айтылат. БШК буга дейре Рысбек Акматбаевди шайлоодон четтетүүгө эч кандай юридикалык негиз жоктугун билдирген.

XS
SM
MD
LG