Уюштуруучулардын билдиришинче, Алла Меле ойногон спектакл байыркы-түрк театрына негизделип, түркмөн салттарын камтыйт. Оюн падышаны кыздары ак сарайдан кууп салган жерден башталат. Лир эски ала кийиздин үстүндө, асасы жок дуванадай самсаалаган жыртык кийимчен өткөн турмушун көз алдынан кайра өткөрүп отурат. Шекспирдин трагедиясы - эски, ал бүт дүйнөгө, ар адамга тийешелүү көөнөрбөс чыкдыкты ашкерелейт. Бул тууралуу Авара Театрынын режисеру Авлекули Ходжакули мындай дейт:
АВЛЕКУЛИ ХОДЖАКУЛИ: "Мезгил дайым өзгөрүп турат. Жаңы муун эскиден баш тартат, эски жаңыга көнө албайт. Бул түбөлүктүү тема.
ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Трагедия муундардын ортосундагы дайым болуп келген ажырымдан кандай жол көрсөтөт деп ойлойсуз?
АВЛЕКУЛИ ХОДЖАКУЛИ: Жол көрсөткөнү ушул, Король Лир өзүн өзү соттойт, күнөөсүн моюнга алат. Өз билгенин бербей, ашкере катаал болгондугуна, жаңы муун өз көйгөйлөрүн башкача чечээрин убагында баамдабаганына өкүнөт.
ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Германиядагы Полицентраль фестивалында Өзбекстандын Карши шаарынан "Эски мечит" театры, Казакстандан "Кзыл трактор" шамандык перформанс тобу, Түркиядан айлан-көчөк бийи менен сүкөткө түшкөн мевлевилер, Монголиядан Эгшиглен ансамбли жана башкалар болду, концерттер, көркөм жана документалдуу фильмдер, талкуулар тынбай өтүп турду, бир сөз менен айтканда, көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда калды.
ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Ушул күңдөрү Бишкекте француз маданиятынын күндөрү өтүп жатат. Анын ачылыш аземинде Айжан болуп келди.
АЙЖАН:
Аталган иш чаранын ачылыш аземи кечээ 27-мартта Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде болуп, аталган университеттин студенттеринин катышуусунда “Франкофония бүгүн” деген аталыштагы конференция өткөрүлдү. Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин, Молдовия консулдугунун ошондой эле Швейцария кызматташтык уюмунун демилгеси менен уюшулган бул маданий иш чаранын алкагында француз жана англис тилиндеги тасмалар көрсөтүлүп, конференциялар, театралдык сынактар ошону менен бирге француз тилин мыкты билген студенттердин арасында кароолор жүрөт. Ал эми сынактын жеңүүчүлөрү Парижге жолдомо алышат. Учурда Кыргызстандын мектептеринде 10 миң окуучу, жогорку окуу жайларында жана тил үйрөнүү борборлорунда 2000дей студент француз тилин үйрөнүшөт. Алардын айрымдарына эмне себептен француз тилине кызыгасыңар деп суроо узатканыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык:
1-СТУДЕНТ КЫЗ: Француз тили мага аябай кооз көрүнөт. Ошондуктан бул тилди тандап алдым.
2-СТУДЕНТ КЫЗ: Менин атым Гулзат. Улуттук университеттин чет тилдер факултетинде 3-курста окуйм. Негиз эле мен француз тилин мурда эле угуп жүрчүмүн, аябай жакчу мага бул тил. Тилден башка француздардын үрп-адаты, маданият өзүнө тартып турат, андыктан француз тилин үйрөнүп, алардын үрп-адатын изилдегим келген.
АЙЖАН: Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Драман Коестердин айтымында француз тилин өнүктүрүүдө жана маданиятын таанытууда көптөгөн иш-чараларды жүргүзүшөт. Маселен Франциядан Кыргызстанга, бул жактан Францияга студенттерди жөнөтүп, театр өнөрүндө биргелешкен спектаклдерди иштеп чыгуу менен жылына кыргыз өнөрпоздорунун Францияда тажрыйба алмашуусуна шарт түзүшөт. Мисалы быйыл кинорежисерлор Актан Абдыкалыковдун же Эрнист Абдыжапаровдун Францияга барышы күтүлүүдө дейт ал өз сөзүндө.
ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Француз тили жана маданиятынын жумалыгынан Айжан кабарлады, бул кыргыз тилин жана маданиятын сактап,өнүктүргүсү келгендер үчүн да үлгү болуучу и-чара экен, эгер сиз франкофондорго же француздардын маданиятын аздектегендерге 1-апрелге чейин жолуга аласыз.