Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

АКМАТБАЕВДИН ЖАКТООЧУЛАРЫ БАЛЫКЧЫ-КАРАКОЛ ЖОЛУН БӨГӨШТҮ


№69 шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып аткан Рысбек Акматбаевдин шайлоо марасынан четтетилгени адилетсиз деген жактоочулары Балыкчы-Каракол жолун төрт жерден бөгөп нааразычылыкка чыгышты.

Нааразылык акциясы 29-март күнү түштөн кийин Балыкчы шаарында башталып, ага Тоң районунун Оттук, Акөлөң айылдарынын тургундары да кошулду.
Балыкчы-Каракол чоң жолун бөгөө үчүн төрт айылда нааразылык акциясы өттү. Айрыкча Чолпоната шаарынын кире беришиндеги Караой айылында курч кырдаалда өттү. Анткени айдоо аянты аркылуу өтө качам деп аракет кылган машиналардын дөңгөлөктөрүнүн жели чыгарылды. 28-58 SB номерлүү жеңил автомашинаны онго жакын бала көмкөрүп коердо эл араң эпке келтирди. Балыкчы-Каракол автожолунда үч сааттык кыймыл токтоп Караой айылында 200гө жакын жеңил, онго жакын жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар өтө албай турду.

Акматбаевдин талапкерлиги кайра каттоого алынмайынча нааразылык акцияны токтотпойбуз дегендер бул ишке өкмөт башчысы Феликс Куловдун тиешеси бар деп билдиришүүдө:

- Эмне үчүн Кулов соттолуп, түрмөгө отуруп келип премьер-министр болуп отурат. Ошол Куловду бекер чыгарышты, түрмөдө отура бериш керек болчу. Кулов кетсин.

Жакындарынын сөөгүн алып бара жаткан бир жүргүнчү өтө албай турганда район жетекчинин кийлигишүүсү менен ал өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Чогулгандарга Ысыккөл районунун башчысы Турусбек Мансуров бул кырдаал боюнча президенттик аппарат башчысы Үсөн Сыдыковго маалымдалганын билдирди. Ал эми №69 Балыкчы шайлоо комиссиясынын төрагасы буларга токтолду:

- Менин оюмча жүйөлү негиздер жок. Бул саясий оюндар. Борбордук шайлоо комиссиясынын астында жооп бердим, трибунага чыгып сүйлөдүм, ар бири мага суроо беришти мен далилдеп бердим. Каттоо бүткөндөн он-чакты күндөн кийин "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясы, ички иштер министри жана Куловдун кайра карагыла деген каты менен кайра текшеришти. Карап Кыргызстанда жашаган эмес деп таап атышат. Мисалы мен буга каршымын. Анткени менде паспортунун көчүрмөсү турат, ал жерде жашаган, катоодон чыккан эмес деп турат - деди Тилек Жапаров.

Акматбаевдин жактоочулары кечки саат жети отуздарда Балыкчы-Каракол жолун бошотуп, Бишкекке барып нааразылык акциясын уланта турганын билдиришти. Айрым маалыматка караганда аларга тилектеш адамдар Ош, Жалалабаттан бери келетат.

XS
SM
MD
LG