Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

АКМАТБАЕВДИН ЖАКТООЧУЛАРЫ ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВДИН АЙТКАНЫНА КӨНБӨЙ, КӨГӨРҮП ТУРУШАТ


Өкмөт үйүн камоого алып жаткан Рысбек Акматбаевдин жактоочуларына 31-мартта кечинде Президент К. Бакиев чыгып жолукту. Ал талашка айланган маселени сот аркылуу гана чечүүгө болорун айтып, нааразылык акциясынын катышуучуларын тарап кетүүгө чакырды. Бирок, чогулгандар мамлекет башчынын сөзүнө кулак салышкан жок.

Нааразылык акциясына чыккан миңден ашуун адам колдоруна “Кулов отставкага кетсин!”, “Биздин талапкерибиз Рысбек Акматбаевдин талапкерлиги ордуна коюлсун!”, “Рысбек Акматбаев-биздин депутат” деген ураан чакырыктарды кармап, маал-маалы менен бийликти, Боршайкомду тилдеп кыйкырып коюп жатышты.

Нааразылык акциясынын катышуучуларын Рысбек Акматбаев өзү баштап жүрдү. Ал эгер өкмөт башчы Феликс Кулов отставкага кетпесе, акциянын катышуучулары Өкмөт үйүнө кирип барышарын эскертти:

-Эгер жарым сааттын ичинде Кулов биздин алдыбызга чыгып, отставкага кетпесе, биз Акүйгө кирип барабыз. Биз буга даярдык менен келдик.

Нааразылык акциясынын катышуучулары менен Бишкек шаарынын прокурору Учкун Каримов сүйлөшүүгө аракет жасады. Ал талаш-тартышты сот аркылуу чечүүгө үндөдү, мыйзам бузууга жол берибестигин эскертти.

Нааразылык акциясынын катышуучуларына президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азим Исабеков менен Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев келип, Рысбек Акматбаевди Өкмөт үйүнө кирип сүйлөшүүгө чакырышты. Р. Акматбаев тил албай, кайра аларга эл алдына чыгып сүйлөшүү талабын койду.

Рысбек Акматбаев сөз үстүндө депутаттыкка талапкерликтен баш тартканын, эми жалгыз гана талап-өкмөт башчы Феликс Куловдун кызматтан кетүүсү калгандыгын айтты:

-Мен депутат болгум да келбейт, жөн эле жүргөм. Бул маселени алып салдык. Эми бизге Куловдун кызматтан кетүүсү гана керек. Ал HIPIK программасына эч кимден сурабай Кыргызстандын атынан кол коюп койгондугу үчүн кызматтан кетүүгө тийиш.

Бир катар саясатчылар кырдаалдын мынчалык курчуп кетишине Борбордук шайлоо комиссиясынын туруксуз позициясы да себеп болгонун белгилешүүдө.

-Эң башында эле принципиалдуу түрдө каттоодон баш тартуусу керек эле. Бир күнү каттоодон өткөрүп, эч кандай маселе жок дейт да, эртеси күнү кайра башканы сүйлөшөт. Эл деген оюнчук эмес, талапкер деген да оюнчук эмес. Мына ушинтип, баарынын ашмалтайын өзүбүз чыгарып жатабыз,-деди КДК партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев.

Өкмөт үйүн куралданган милиция күчтөрү айланта курчап, кырдаалга кароо салып турушат. Өкмөт үйүнүн жанында топураган элди көрүп, өткөн жылдагыдай талан-тоноолор чыгып кетпегей эле деп шаардыктар санааркай баштады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG