Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Президент 31-марттагы окуя боюнча макталып да, сындалып да жатат


БИШКЕК. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Рысбек Акматбаевге байланышкан акыркы окуяларды премьер-министр Феликс Куловду кызматтан четтетүү максатын көздөгөн саясий оюн катары баалады. Муну ал Куловду кызматтан кетирүү талабы менен кошо Хипик маселесинин көтөрүлүшү, президент Бакиевдин өкмөттү сынга алышы өңдүү жагдайлар менен негиздеди. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов президент Курманбек Бакиев өзүн жакшы көрсөтүү аракетин жасады, күч колдонуу аракети менен алектенди деп өкмөткө кине койду деди. Ал мамлекет 17-июндун кайталанбашы үчүн ар кандай чагымга каршы турушу керек деген ойдо. «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев президент Курманбек Бакиев акыркы саясий окуяга байланыштуу жасаган кадамдарын толугу менен кубаттайт. Тургуналиевдин оюнда окуянын чыгышына өкмөт башчы Феликс Кулов күнөөлүү. Бул жагынан президенттин өкмөткө айткан дооматын саясатчы туура деп санайт.

XS
SM
MD
LG