Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Беларус оппозициясынын лидери Европарламентте сөз сүйлөйт


Европарламент ушул аптада Беларусияда жакында болгон президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыгын талкуулайт. Анда Беларус оппозициясынын лидери Александр Милинкевич да кайрылуу жасамакчы. Александр Милинкевич атаандашы Александр Лукашенко 83%добуш алып, үчүнчү мөөнөткө калган шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп ырастоодо. Мындай ырастоолорду АКШ менен Евробиримдик да колдойт. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы- Австрия канцлери Вольфганг Шюссель менен жолугуу үчүн Александр Милинкевич кечээ Венага келди.

Ал эми Александр Лукашкенконун ант берүү аземби 8-апрелде өткөн жатат. Бул тууралуу кечээ президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анын үчүнчү мөөнөткө, кызматка расмий киришүү салтанаты оболу 31-мартка белгиленип, бирок эч себеби айтылбастан эле кийинкиге жылдырылган болчу.

XS
SM
MD
LG