БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмеси таркаткан маалыматка караганда массалык демонстрация Бишкек шаарынын түштүк дарбазасынан башталып Ала-Тоо аянтына чейин жетип, митинг өткөрүлөт. Митингде саясий жана коомдук ишмерлер чыгып сүйлөшөт. Мамлекеттик мекемелердин өкулдөрүнө сөз берилбейт. Демонстрация «Атуулдар стабилдүүлүктүү талап кылышат!», «Бандиттер түрмөдө отурсун!», «Кылмыштуу дүйнө менен сүйлөшүү болбосун!» деген сыяктуу ураандар астында өтөт.
« -Бул тынчтыкты, мыйзамдуулукту жактаган, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн атуулдардын тынчтык акциясы болуп саналат», -деди Азаттыкка «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмесинин өкүлү Жыргалбек Турдукожоев.