Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Ф.Кулов: “ХИПИКтин шарттары Кыргызстанды кемсинтпейт”


БИШКЕК. Кыргызстандын ХИПИК программасына кириши бир эле Кыргызстандын эмес, жалпы КМШга кирген мамлекеттердин беделине доо кетирет. “Курманжан датка” фондусу кечээ ушундай билдирүү жасаган. Жогорку Кеңештин депутаты Болот Мариповдун бүгүн Азаттыкка билдиргенине караганда, ХИПИК программасына кирсе Кыргызстан мамлекеттик башкарууну эл аралык финансылык уюмдардын колуна өткөрүп берет. Кечээ премьер- министр Феликс Кулов Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Майкл Меред менен болгон жолугушууда “ХИПИКке кирүү үчүн алдын ала коюлуп жаткан шарттар Кыргызстанды кемсинтпейт жана эгемен мамлекет катары укуктарыбызды тепселебейт” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG