Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Багдадда бүгүн Саддам Хусеиндин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяны улантылышы керек


Ирактын мурдагы президенти жана анын жети шериги 1982-жылы Дужайл деген кыштакта 148 шийитти кырганы үчүн айыпталууда.
Кечээ болсо ирак бийликтери Саддам менен анын алты шеригине күрддөргө каршы геноцид жүргүзгөн деген жаңы айып коюлганын жарыялашты. Алар 80-жылдардын соңунда Анфал деген ат менен өлкөнүн түндүгүндө жүргүзүлгөн аскерий операциянын алкагында оң миңдеген күрддөрдүн, анын ичинде аялдар менен балдардын өмүрү кыйылганы үчүн айыпталмакчы. Бул иш боюнча эми башка сот белгиленет.

XS
SM
MD
LG