Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

7-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Эми кезек “Тарых барактарында”. Бу күнү Чоң Чүй каналын куруу боюнча көрсөтмө берилген. Италиялык монах Кыргызстан аркылуу саясат сапарын уланткан. Ошондой эле 7-апрель Бүткүлдүйнөлүк денсоолуктун күнү катары белгиленет.

1940-жылдын 7-апрелинде СССР Суу чарба Элдик комиссариаты Кыргыз ССР Советтик Элдик комиссариатынын төрагасы Төрөбай Кулатовго Чоң Чүй каналын куруу туурасында атайын кат менен кайрылган. Анда курулуш үчүн керектүү эмгек куралдары, алардын саны такталган. Т.Кулатовдун ишкердиги жана Кыргызстан калкынын мээнеткечтиги менен Чоң Чүй каналы жалаң кол эмгегинин күчү аркылуу бүткөрүлүп, Чүй өрөөнүнүн 100 миң гектар жери суу менен камсыз болгон.

1246-жылдын 7-апрелинде италиялык монах жана белгилүү саякатчы Плано Карпини Рим папасынын тапшырмасы менен монголдорго Бату хандын ордосуна келген. Ал убакытта Бату хандын ордосу азыркы Нижний Новгороддун ордунда орун алып, Сарай шаары аталган. Ал Бату хандын ордосунан чыккандан кийин Сырдарыя менен Аму дарыяны бойлоп Кыргызстан жергесине келген. Саясатчынын эскерүүлөрүндө азыркы Кыргызстан аймагында ажайып жаратылыш жана таң калтырчу табият бар экендиги кабарланат.

1917-жылдын 7-апрелинде Түркстан Советинин 1-Чөлкөмдүк курултайы ишин баштаган. Курултайда Түркстан аймагын советтештирүү жана анын ишин жандандыруу маселеси козголгон.

1993-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасына Түркия өлкөсүнүн президенти Тургут Озал расмий визит менен келген. Тургут Озалдын иш сапары кыргыз коомчулугу эле эмес, Кыргызстан жетекчилиги үчүн зор таасир калтырган. Анын натыйжасында биринчи жолу Кыргызстандын болочок өнүгүү жолу түркиялык багыт менен түздөлөөрү айтылган.

7-апрель Бүткүлдүйнөлүк денсоолуктун күнү катары белгиленет. Денсоолук күнүн белгилөө чечими 1948-жылы кабыл алынып, Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставы кабыл алынган. Эгемен Кыргызстан да бу уюмдун мүчөсү жана саламаттык сактоо тармагы калыптанган өлкө катары Бүткүлдүйнөлүк Денсоолук күнүн салтанат менен белгилеп келет.

Совет мамлекетинде 1966-жылга чейин 7-апрель Геологдордун күнү катары белгиленип келген. Андан бери ал апрель айынын биринчи жекшембисине которулган.
XS
SM
MD
LG