Мэрия пикеттер-митингдерди, демонстрацияларды, дегеле нааразылык акциясынын башка түрлөрү Өкмөт үйүнөн, Жогорку Кеңештин имаратынан, телерадиоборбордон 200 метр алыстыкта өткөрүүнү сунуш кылууда.
Ошондой эле мындай акциялар мамлекеттик башкаруу органдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, соттун жана ооруканалардын имаратынан 50 метр окчунураак өтүшү керек эле. Долбоордо Бишкектин башкы архитектура кызматынын атайын макулдугу болбосо боз үйлөрдү жана чатырларды тигүүгө да тыюу салуу каралган. Эгерде долбоордо жазылган бул жоболор аткарылбаса анда өткөрүлүп жаткан нааразылык акциясын токтотуу толук мыйзамдуу болуп саналат.
Мэрия сунуштаган мына ушундай мазмундагы токтомдун долбоору шаардык депутаттарды кызуу талкууга түрттү. Депутаттар арасында бул долбоор 8-апрелде өтө турган тынчтык митингине карата атайын даярдалды деген пикирлер да айтылды. Шаардык кеңештин депутаты Мухтарбек Өмүракунов болсо долбоордо белгиленген чектөөлөр аша чапкандык деген ойдо:
Мен бул маселе карала тургандыгын жыйынга келгенде гана билдим. Менин оюмча бул долбоорду бир күндө эмес, шашпай кылдааттык менен караш керек. Албетте тартип болушу үчүн кандайдыр бир чектөөлөр болушу керек, бирок сунушталган долбоордогу чектөөлөр өтө эле аша чаап кеткен.
Шаардык кеңештин депутат Абдыгул Чотбаев да мындай долбоорду кабыл алуу эртелик кылаарын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоордун кабыл алынышы элдин кыжырын ого бетер кайнатышы мүмкүн.
Бул долбоордун кабыл алынышын Бишкек шаарыны мэри Арстанбек Ногоев жана Ленин районунун акими Николай Байло катуу жакташты. Алар соңку учурда митинг, пикет өткөргөндөр мамлекеттик мекемелердин ишине тоскоолдук кылып, элдин тынчын алып жатат деп түшүндүрүштү.
Ал эми шаардык кеңештин жыйынына катышкан Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу долбоордо жазылган ар бир берене Кыргызстандын жарандарынын Конституциялык укуктарын буза тургандыгын билдирди. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын аткаруучу директору Жыргалбек Турдукожоев да Омбудсмендин мындай позициясын толук колдоорун билдирди:
Депутаттар өздөрүнүн позициясында бекем турушуп Конституциялык норманы туура сактайлы дешип, демократиялык укугун, эркиндигин коргойлу бул маселени карамак түгүл, күн тартибине да киргизбей коюшту. Менимче туура чечим болду.
Мына ушундай кызуу талкуудан кийин бул маселе добушка коюлду. 30 депутат бул долбоорду шаардык кеңештин күн тартибине киргизүүгө каршы болуп, токтомдун долбоору өтпөй калды.