Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:29

ОШ : ТЫНЧТЫК МИТИНГИ КУУП ТАРКАТЫЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 7-апрель күнү эртең менен Ош облустук сотунун алдында коррупционерлерге каршы уюштурулган тынчтык митинги жергиликтүү милиция тарабынан кууп таркатылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги митинг мыйзамсыз уюштурулган деп айыптап, митингге катышкандардын бешөө кармалды. Митингдин демилгечиси "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмеси, шаардык милиция акаевдик коррупционерлерди коргоп, тынч митингчилерге күч колдонду деген билдирүү таркатты.

7-апрель күнү болжол менен эртең мененки он бирлер чамасында Ош облустук сотунун алдына “Акаевдик коррупционерлер жоголсун!", "Адилеттүүлүк качан орнойт жана соттор калыстыкка кайрылгыла"! деген ураандарды көтөрүшкөн адамдар келишип, тынчтык митингин башташты. Митингдин катышуучулары соттор тарабынан карапайым адамдардын иши калыс чечилбей адилетсиздик улантылып жаткандыгына нааразычылыктарын мындайча билдиришти:

- Элди күйгүзбөй, келип жооп берип койгула. Элди чыркыратпагыла. Сарманаеванын акчасы көп боло турган болсо, бюджетке төксүн дагы эл үчүн имарат курдурсун, өз чөнтөгүнө салбай, – деген талаптарын айтты митингдин катышуучуларынын бири Нуралы Сейитказыев.

Бир канча убакыт өтпөй автобус менен келишкен милиция кызматкерлери митингчилерди тегеректеп ороп алышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Расул Усманов митинг мыйзамсыз уюштурулгандыгына байланыштуу таркатыла тургандыгын жарыялады:

- Адамдарды жумушунан калтырып бул жерге келип атышат. Акимиатка барып мыйзам чегинде уруксат алгыла, анан келип митинг өткөргүлө.

Андан соң милиция кызматкерлери тынчтык митингинин катышуучуларын кууп тарката баштады. Баш бербегендерин автобуска күч менен кармап салуу жөнүндө буйрук берилди.

"Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин координатору Эмил Рахманов милиция кызматкерлери митингчилердин арасынан беш адамды кармап кетишкендигин жана аларга коомдук тартипти бузду деген айып коюлуп жаткандыгын билдирди:

- Беш адамды машинага салгыла, кармагыла, элге иштегенге жумушчу режимди бузуп атасыңар деп команда берди. Эч кандай андай нерсе болгон жок.

"Март ыңкылабын коргоо" коомдук комитетинин төрагасы, жазуучу Абдырашит Урбаев тынчтык митингин кууп таркатууга өзүнүн креслосунан корккон айрым бир шаар жетекчилери себепкер болду деген оюн ортого салды:

- Айрыкча жетекчи кызматтагылар чочулай турган жөнү бар. Анткени жакында биздин курултай болуп, ошол жерде коррупцияга баткан жетекчилерди кызматтан бошотуу жөнүндө курултайдын чечими кабыл алынып, ошонун ичинде шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Мырзаматовдун, мэрдин биринчи орунбасары Абановдун фамилиясы бар. Менин оюмча демократтарга, революционерлерге каршы күрөштү ушул жетекчилер уюштуруп жатышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG