Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Үгүт өнөктүгү токтоду


БИШКЕК. Эртең парламенттик шайлоо өтүүчү Кадамжай, Куршаб жана Балыкчы округдарында бүгүнкү саат сегизден тарта үгүт иштери токтотулду. Бул шайлоодо Кадамжайда 9, Куршабда 7, Балыкчыда 6 талапкер ат салышат. Шайлоого жергиликтүү байкоочулардан сырткары 25 эл аралык байкоочу көз салмакчы. Алардын арасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана башка эл аралык уюмдардын байкоочулары бар. Добуш берүү жекшемби күнү эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG