Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Иран: “АКШ бизге каршы “психологиялык согуш” ачты”


“Кошмо Штаттары Ирандын ядролук объектилерине абадан сокку урууну пландаштырып жатат” деген билдирүүнү Тегеран ага каршы “психологиялык согуш” деп атады. АКШ Иранга каршы сокку урушу мүмкүн деген кабарларды “Вашингтон пост” жана “Нью-Йоркер” басылмалары жазып чыгышкан эле. Ирандын Тышкы иштер министри Хамид Реза Азефи: “Вашингтон Иран маселеси боюнча мунаса табууга аракет кылбай, маселени андан бетер курчутууну көздөп жатат”, - деди. Ак Үй болсо бул өңдүү кабарларды четке каккан жок, бирок Вашингтон маселени дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылып жатканын билдирди.

 

XS
SM
MD
LG