Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Президент министрлерден партиялык ишмердикти токтотууну талап кылды


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев министрлерге 13-апрелге дейре партиялардагы мүчөлүгүн токтотуу же кызматтан кетүү тууралуу арыз жазуу талабын койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Курманбек Бакиев аткаруу бийлигиндеги айрым жетекчилер негизги ишине тоскоолдук келтирүү жана мыйзам талаптарын бузуу менен партиялык иштер менен алектенип жатканын белгилеп, бул маселеде өкмөт башчы Феликс Куловдун жолун жолдоп бир чечимге келүүсүн айткан. Феликс Кулов өткөн жумада «Арнамыс» партиясындагы мүчөлүгүн токтоткон.

XS
SM
MD
LG