Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Рысбек Акматбаевди депутаттыкка каттоо суроо туудурууда


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Рысбек Акматбаевди депутаттыкка каттоо маселесин тактап берүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылаарын бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ага шайлоо кодексинин эки беренеси бири-бирине карама-каршы келип жатканы себеп болууда. Маселен, талапкердин макамы тууралуу 28-беренеде кылмыш ишинин козголушу талапкердин шайлануу укугуна тыйуу салууга негиз боло албастыгы белгиленсе, 59-беренеде сот эгерде шайлоочулардын көп добушун алган талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө алып, шайлоо жыйынтыгына дейре чечим чыгарбаса шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону жана талапкерди каттоону убактылуу токтотоору айтылган. Белгилүү болгондой, Бишкек шаар соту шайлоо алдында Рысбек Акматбаевге байланышкан кылмыш ишин убактылуу токтоткон.

XS
SM
MD
LG