Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Ж.Буш: “АКШ Иранга чабуул коет деген кабар – болбогон кеп”


«Кошмо Штаттары Иранга каршы сокку урууга камынып жатат» деген өңдүү кабарларды АКШнын президенти Жорж Буш «болбогон кеп» деп атады.

- Өткөн дем алыш күндөрү мен ал гезиттерди окуп чыктым. Бул түркөйлөр ойлоп тапкан жөө жомок, - деди Жорж Буш.

«Вашингтон пост» жана «Нью-Йоркер» басылмалары өткөн жумада «Кошмо Штаттары Иранга каршы сокку урганга камынып жатат» деп жазган эле.
Америкалык ырасмий адамдар Иран маселесин дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылып жатышканын айтышууда. Ошол эле учурда проблеманы чечүүнүн башка жолдору да бар экенин эскертишти. Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи болсо: «АКШ проблеманы сүйлөшүү аркылуу чечпей, тетирисинче, аны андан бетер курчутууга далалаттанып жатат», - деди.

XS
SM
MD
LG