12 саат бою бюллетендерди эсептеп жатышат. Азыр эң сонку кабарларга караганда, Романо Продинин жетекчилигиндеги оппозициячыл коалиция парламенттин төмөнкү палатасында өтө кичине ажырым менен жеңди. Бирок Жогорку палатага азыркы өкмөт-башчы Сильвио Берлуконинин коалициясы жеңе тургандай болуп жатат. Өкмөттү жалгыз түзүш үчүн тигил же бул коалиция эки палатада тең көпчүлүк орунду ээлеши абзел.