Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Сот териштирүүлөрү токтомоюнча Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат берилбейт


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Рысбек Акматбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттоону убактылуу токтотот. Ага Бишкек шаар соту Рысбек Акматбаевге байланышкан кылмыш ишти карап бүтө электиги себеп болууда. Милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө байланышкан бул ишти кароону аталган сот Рысбек Акматбаевдин талапкерлик укугун эске алуу менен шайлоо алдында убактылуу токтоткон болчу. Жогорку Кеңештин депутаттыгына Балыкчы округунан ат салышкан Рысбек Акматбаев 9-апрелдеги шайлоодо 79 пайыз добуш менен жеңишке жеткен.

XS
SM
MD
LG