Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

ВАШИНГТОНДУН ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КААЛОО-ТИЛЕГИН, АРЫЗ-АРМАНЫН УКТУ


Азиза Турдуева, Бишкек. 11-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Ричард Баучер Кыргызстандын президенти, өкмөт башчысы, тышкы иштер министри жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууларда Кыргызстандагы саясий, экономикалык кырдаал, эки таратуу мамилелер, Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери, Бишкектеги Ганси авиабазы боюнча сөз болду.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык мамилелерге токтолду. Ричард Баучер АКШ мындан ары да Кыргызстанга экономикалык реформаларды жүргүзүүдө ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө даяр деп билдирди. Президент Бакиев Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экендигин белгилеп, эки тараптуу кызматташтык мамилелер кызматташтык мындан ары да өнүгүшүнө ишенээрин билдирди. Президент өлкөдөгү жалпы саясий, экономикалык абал боюнча маалымат да берди.

-Биздин Кыргызстан менен экономикалык, коопсуздук жана демократиялык рефоомаларды жүргүзүү тармактарында жакшы мамилелер түзүлдү , -деп белгиледи Р. Баучер премьер-министр Феликс Кулов менен болгон жолугушуусунда.

Премьер-министр Феликс Кулов Кыргызстан буга чейин өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткараарын билдирип, кыргыз өкмөтү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Ушул эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен да жолукту. Тараптар Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтык, аймактагы коопсуздук маселелери боюнча пикир алышты. Аликбек Жекшенкулов жолугушууда тараптар Бишкектеги Ганси авиабазасы боюнча да сөз болгондугу тууралуу төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Биз Ричард Баучер менен болгон жолугушууда Ганси авиабазасы боюнча да сүйлөштүк. Биз тараптан авиабаза боюнча өзүбүздүн позиция айтылды. Биз авиабаза боюнча биздин жаңы шарттарды карап, кайра келишимди иштеп чыгуу керек деп айттык. Алар буга маулдугун беришти. Эксперттер сүйлөшүүлөрдүн биринчи баскычында Бишкекте болушкан. Эми эки аптадан кийин дагы келишет. Биз мындан ары сүйлөшүүлөрдү тездетели деп сүйлөштүк , - деди Аликбек Жекшенкулов.

Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болсо, АКШнын мамлекеттик катчысы менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча маалымат беришти. Алар тарабынан Кыргызстандын 24-марттагы ыңкылаптан кийинки келечеги үчүн тынчсыздануу айтылды.

-Биз Ричард Баучер менен болгон жолугушуубузда 24-мартан кийин Кыргызстанда кырдаал абдан начарлап, элдин баары нааразы болуп жаткандыгын төкпөй чачпай, жашырбай эле айтып бердик. Анын оюнча Кыргызстанда реформалардын жүрбөй калгандыгы кыргыз эли үчүн гана эмес, эл аралык коомчулукту да тынчсыздантууда, - деди «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун төрагасы Эдил Байсалов.

Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү ошондой эле өлкөдө конституциялык реформа токтотулду, жаңы бийлик кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бийлик органдарына барышына тоскоолдук көрсөтө албай жатат деп белгилешти. Алар мындан ары да бийликтен 24-мартта коюлган маселелердин аткарылышын талап кылаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG