Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Рысбек Акматбаев БШКны сотко берүүнү көздөөдө


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат берүүгө милдеттүү. Мындай билдирүүнү адвокат Рысбек Нагаев Шайлоо кодексинин 78-беренесинин экинчи пунктуна таянып жасады. Анда шайлоо жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин үч күн ичинде катталып, күбөлүгү берилиш керек экендиги жазылган. Буга таянган адвокат БШК каттоого албаса, түшүндүрмөсүн талап кылып, анын негизинде сотко кайрыларын билдирди. Ал эми БШК чечим тууралуу расмий жарыя маалымат каражаттарына басыла элек болгондуктан, бул берене күчүнө кирбейт деп эсептейт. Мындан эки күн мурун Борборшайлооком Рысбек Акматбаевди каттоону убактылуу токтотуп, анын соттук ишин териштирүүнү Бишкек шаардык сотуна сунуштаган.

XS
SM
MD
LG