Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Байсаловго уюшкан кылмышкерлер кол салды деген жоромол айтылууда


БИШКЕК. Кечээ кечинде «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салынды. Натыйжада Байсалов башынан жараат алып, аз убакытка эсин жоготкон. Укук коргоочуга улуттук госпиталда операция жасалып, реанимацияга жаткырылды. Оорукананын башкы хирургия бөлүмүнүн башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Байсаловдун абалы орто. Шаар прокурору Учкун Каримов аталган факт боюнча кылмыш козголуп, тергөө башталгандыгын маалымдады. Кол салуу ким колдуу болгону, кандай курал пайдаланылгандыгы белгисиз. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Субаналиев бул окуяны уюшкан кылмышкерлердин иши катары божомолдоду. Байсаловго ок тийгенин же таш тийгенин аныктоо үчүн экспертиза жүрүп жатат. Айрым коомдук демилгечилер менен саясатчылар муну кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн жообу деп билдиришти. Укук коргоочуга күчөтүлгөн сакчы коюлду.

XS
SM
MD
LG