Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

ЭДИЛ БАЙСАЛОВДУН ДЕН СООЛУГУ ЖАКШЫ ДЕШЕТ ДОКТУРЛАР


Кубат Оторбаев Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 12-апрелде кол салууга дуушар болгон Эдил Байсаловдун ден соолугу салыштырмалуу канаттандырарлык. Дарыгерлердин чыгарган жыйынтыгы боюнча Эдил Байсалов баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган жана анын башынын оң жагында оюк бар.

Бүгүн эртең менен Эдил Байсаловдун саламаттыгын атактуу дарыгер Миталип Мамытов карап чыкты жана ал Эдилдин сакайып кетишинен күмөн санабастыгын белгиледи.

Эдил Байсалов болсо буга чейин коюп келген талаптарынан баш тартпай тургандыгын жана аны коркутуу мүмкүн эместигин айтты.

12-апрелде 18.35те ал Улуттук ооруканага кол салуудан кийин жаткарылган. Анын башы рентген аппаратына тартылып, травматологдор ден соолугун карап чыгышкан.

Андан кийин саат 18.40та анын жарааты тазаланган. Э.Байсаловдун желкеси тарабында өлчөмү 2х1,5 см келген оюк бар экени аныкталып, ал жаракатка операциясы жасалган. Жаракаттан алынган биоматериал соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бүгүн эртең менен ал реанимациядан нейротравма бөлүмүнө которулган. Бөлүмдүн башчысы Мэлсбек Ташыкулов менен дарыгер-нейрохирург Эмил Эсенбаевдин айтымында, укук коргоочу мындан ары 7-10 күн дарыланмакчы.

Бүгүн эртең менен "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы, Интербилим, "Кылым шамы" баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар, "Демократиялык күчтөр биримдиги", "Асаба", "Арнамыс" сыяктуу партиялар кайрылуу таратышты. Анда Эдил Байсаловго жасалган кол салуу мамлекетте өзгөрүүлөр болсун деген алдыңкы күчтөргө жасалган кол салуу катары бааланган. Кайрылуу ээлери кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө баардык кайдыгер эмес адамдарды чакырышкан.

Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев бүгүн эртең менен "Азаттыкка" түз ободо берген интервьюсунда Байсаловго кол салууга байланыштуу кылмыш иши козголгонун, ал эми кол салуу укук коргоочунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени шексиз экендигин билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча бүгүн өкмөттө Эдил Байсаловго кол салууга байланыштуу маселе атайын жыйында каралышы ыктымал.

Сүрөттө: Эдил Байсалов ("Азаттыктын" архивинен).

XS
SM
MD
LG