Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Улан Сарбанов менен Медет Садыркулов 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту экс- президент Аскар Акаевге мыйзамсыз берилди делген 420 миң доллардын иши боюнча сот жараянын улантат. 14- апрелдеги сотто прокуратура мурдагы каржы министри Султан Медеровго, улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановго, эсеп палатасынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго он эки жылдан, башкы казыналыктын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиевге үч жыл, анын орун басары Динара Шайдиевага эки жыл жаза берүүнү сураган. 15- апрелдеги сот жараянында адвокаттарга сөз берилип, алар кылмыш иши бурмаланган фактылардын негизинде козголгон деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG