Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:30

УЛАН САРБАНОВ МЕНЕН МЕДЕТ САДЫРКУЛОВ 12 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЕСИЛИШИ МҮМКҮН


Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Улан Сарбановду, мурдагы каржы министри Султан Медеровду жана эсеп палатасынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловду мамлекеттик айыптоочу он эки жылдан эркинен ажыратууну сурап жатат. Алар экс-президент Аскар Акаевге берилди деп изи сууган 420 миң доллардын доосу боюнча айыпталышууда. Бул чуулгандуу иш боюнча сот жыйыны бүгүн уланат.

14-апрель күнкү сот жараянында негизинен айыпталуучуларга жана алардын актоочуларына сөз берилди. Чыгып сүйлөгөн актоочулар дээрлик бир ооздон бул иш боюнча кылмыш иши негизсиз, себепсиз жана бурмаланган фактылардын негизинде козголгон деген пикирлерин айтышты.

УБ жетекчиси Улан Сарбанов прокуратура тарабынан суралган жазаны адилетсиз деп эсептээрин билдирди:

-Мамлекеттик айыптоочунун оозунан мени 12 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка камоо жана мени сот залынан камакка алуу тууралуу сунушту укканда мен аябай таң калдым. Анткени мен өзүмдү күнөөсүз деп эсептейм жана мындай болот деп күткөн эмесмин.

Улан Сарбановдун актоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Улуттук банктын жетекчиси мамлекет башчысына баш ийбей кое алмак эмес. Ал эми 420 миң доллар 1999-жылы 21-декабрда Баткен окуясына байланыштуу өкмөттүк операцияга берилген.

Актоочу Улан Сарбановду айыпталып жаткан беренелердин баардыгы боюнча күнөөсүз деп айтып, соттон аны толук актоону суранды.

Ал эми мурдагы каржы министри Султан Медеровдун актоочусу Нурлан Сыдыков бул ишти 2005-жылкы ыңкылаптан кийин экс-президент Акаевди айыптоо максатында гана уюштурулган иш деп айтып өттү. Ал сотто негизги күнөөлүү болуп саналып жаткан Акаевдин суралбагандыгын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик айыптоочулар үч айыпталуучуну 12 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сурап, аша чаап жатышат:

-Эч кандай күнөөсү жок кишилерге 12 жыл суроо адилетсиздик деп эсептейм.

Мурдагы каржы министри Султан Медеров айыптоонун бир да бөлүгү менен макул эместигин билдирип, өзүн күнөөлүү деп санабай тургандыгын айтты.

Мамлекеттик айыптоочу Асранкулов өз кезегинде мыйзамды бузгандар анын алдында жооп берүүгө тийиш деп белгиледи.

-Акча уурдалган. Акча жок. Аны ушул кишилер алып чыккан. Калганын биз далилдеп беребиз,-деди Асранкулов.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG