Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисин өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды


БИШКЕК.Тышкы иштер министрлиги бүгүн АКШ элчисин Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүдөн алыс болууга чакырып чыкты. Жарыяланган билдирүүдө кошмо штаттардын элчиси Мари Йовановичтин Кыргызстанды ХИПК программасына кирүүгө чакырган пикири өлкөнүн ички ишине кийлигишүү жана өлкө жетекчилигине кандайдыр бир деңгээлде кысым көрсөтүү катары кабыл алынат деп белгиленген. Вена конвенциясына ылайык, элчилер жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого жана ички ишине кийлигишпөөгө милдеттүү экени эскертилген. Кыргызстан коомчулугу ХИПК программасына кирүү жөнүндө бир чечимге келе элек, анын пайда-зыяны жөнүндө кызуу талкууга түшүп турган чагы.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович бир күн мурда жергиликтүү маалымат каржаттарына берген маегинде ХИПК программасына 21 өлкө катышканын, Кыргызстан ага кирген 22-өлкө болооруна үмүт артаарын жана бул программа кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачаарын белгилеген.

XS
SM
MD
LG