Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

19-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1978-жылдын 19-апрелинде Кыргыз ССРинин Жаңы Конституциясы, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын “Жер реформасы тууралуу” мыйзамы кабыл алынган.

1850-жылдын бу күнү “Чоң ордо” приставынын капитаны Гудковский чакан отряд менен кокондуктар орун алган Пишпек чебине чабуул койду. Бирок жергиликтүү калктын колдоосун ала албагандыктан жана аскер күчүнүн чектелүүлүгүнө байланыштуу Гудковскийдин аскери чегинүүгө мажбур болгон.

1879-жылдын бу күнү кыргызстандык климатолог, чөлкөмтаанычу Я.И.Корольков Орус географиялык коомунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Географиялык коом башка аймактын географиялык өзгөчөлүгүн, калктын жайгашышы жана жер аталыштарын, аба ырайы өзгөчөлүгүн изилдөөдө зор салым кошкон.

1991-жылдын бу күнү Кыргыз Республикасынын “Жер реформасы тууралуу” мыйзамы кабыл алынган. Буга чейин “Жер реформасын” жүргүзүү боюнча узак талкуу өткөрүлүп, ага болгон калктын мамилеси жана маанилүү маселеге көзкараш аныкталгандан кийин барып, жер менчиги, мурастоо, арендага берүү мөөнөтү сыяктуу түйүндүү маселелер чечилген.

СССР Эл комиссары Кеңешинин чечимине ылайык 1943-жылдын 19-апрелинде НКВДга караштуу “Смерш” контрразведкалык башкармалыгы уюшулган. Кийин мындай органдар армия жана флотто түзүлүп, ал жасаган иш-аракеттер менен айрым Кыргызстандын улуу муун өкүлдөрү тааныш болушкан.

1995-жылдын бу күнү Россияда “1941-1945-жж. Улуу Атамекендик согуштагы совет элинин жеңишин тарыхта калтыруу туурасындагы”федералдык мыйзамы кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, согуш ардагерлеринин, анын ичинде кыргызстандык атуулдардын согушка кошкон салымы белгиленет.

1563-жылдын бу күнү Москва шаарында Иван Федоров менен Петр Холокосттун типографиясы ишке киргизилген. Мындан ары орус мамлекетинде чыгарма жазуу аларды китеп кылып чыгаруу иши колго алынган.

Бу күнү Кыргызстандын элдик акыны Тенти Адышева 86-жашка толмок.

Апрель айынын 19у англичандар үчүн байчечекей майрамы деп салтанаттуу белгиленет. Алар бу күнү шаар бактарына байчечекей отургузуп, табиятка көрк кошушат.
XS
SM
MD
LG