Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

САЯСЫЙ ДИАЛОГ ЭРЕГИШТИ ЭПКЕ САЛГАН ЖОК


Бишкектен, Азиза Турдуева Оппозиция өкүлдөрү 19-апрелде мамлекеттик телерадио компаниясынын имаратында Президент менен болгон саясий диалог максатына жетпей калганын белгилешүүдө. Саясий диалог Президенттик администрациянын демилгеси менен оппозиция коюп жаткан талаптарды талкууга алуу, өлкөдөгү курчуган проблемалар боюнча бийлик бутактарынын ортосунда пикир алышуу үчүн уюштурулган болчу.

Жолугушууда саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик менен кылмыштуулук биригип, коррупция арааны мурдагыдан да катуу күчөп кеткенин Президентке ачык айтышты. Курманбек Бакиев оппозиция өкүлдөрүнүн мамлекеттик саясатка болгон сын-дооматтарын угуп чыккандан кийин, аларды жанына жакын жуутпай четке какты:

«-Эгерде кимдир бирөө бир жыл гана иштеп жаткан президентке оңой-олтоң, кандайдыр бир митингдер менен сес көпсөтөмүн деп ойлосо, аны эч ким ишке ашыра албайт. Эл азыр президент, өкмөт эл үчүн кандай иштеп жатканын, ким бүгүнкү күндө коомчулуктагы стабилдүүлүктү бузуп жатканын жакшы билет», - деди Курманбек Бакиев.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар К.Байболов, Ө.Текебаев, М.Эшимканов конституциялык реформанын тездетүү зарылдыгын айтышты. Президент өз кезегинде тез арада конституциялык реформа жүргүзүү парламенттин, өкмөттүн отставкасына алып келээрин, бул болсо өлкөдө кайрадан саясий талаш-тартыштарды күчөтүп, жакшы натыйжа бербей турганын билдирди.

Тегерек үстөл форматында өткөрүлгөн саясий диалог март революциясынан кийин келген бийликтин өзүнө атаандаш күчтөр менен бетме-бет отуруп, пикир алышкан биринчи иш чарасы. Бийлик-оппозиция диалогу ушул эле күнү мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлдү.

Оппозициялык күчтөрдүн уюму - Кыргызстан демократиялык күчтөрдүн коалициясынын төрагасы Кубатбек Байболов президент Бакиев турмушта болуп жаткан окуялар тууралуу туура маалымат албай жатканын бүгүнкү жолугушуу көрсөттү, ошондон улам бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог жүргүзүү аракети ишке ашпай калды деп билдирди. «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында Президент менен пикир алышуунун натыйжасы такыр алымсындырбайт.

-Жолугушуунун жыйынтыгына мен ыраазы эмесмин. Анткени, эл алдында көтрүлүп жаткан чоң маселелерге президент өзүнүн бир жактуу оюн айтып, конкреттүү сунуш киргизип, аларды чечүүнүн жолдорун айтып, жаңы реформалык багыттарды баштайт деп ойлодум эле. Тилекке каршы, президент актануу менен, кээ бир кыймылдарды күнөөлөө менен чектелди, -деди Ө. Текебаев.

Жыйынга илим тармагынын да өкүлдөрү катышкан. Алардын бири профессор Өмүркул Дүйшеке уулунун пикиринде, бул диалогдун башталышы гана:
- Анча-мынча кызуу сөздөр айтылды. Бирок, Бакиев жолугушуунун акырында силердин кээбир сунушуңарды угалы, эске ала жүрөлү деген сөзүн айткан жок да. Ушул жерине негедир курсагым тойбой калды.

Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бул жолугушууну бийлик менен атуулдук коомдун ортосундагы саясий диалогдун башталышы катары баалады:

-Кемчиликтер болду. Бирок, диалог болбой калды деген болбойт. Биринчи диалог башталды. Бул жолугушуу Акаевдин убагындагыдай, формалдуу болбой, ачык болуп, президенттин өзүнө ачуу сөздөр айтылды. Президенттен жооп алынды. Бул деген бейформал жолугушуу болду деп айтса болот. Бул жакшы. Бирок, айрым баягы бийликке кошомат кылайын деген күчтөр, кээбир эжекелерибиз зыян кылып койду.

Оппозициялык күчтөр чукул арада конституциялык реформа жүргүзүүнү, кылмыштуулукту, коррупцияны ооздуктоону, бийлик курамын жеке кызыкчылыгын кууган төбөлдөрдөн тазалоо жөнүндө талаптарды коюшуп, 29-апрелде узак мөөнөттүү ири саясий акция баштай турганын жарыляшкан. Бийлик менен өткөн саясий диалог тил табышууга алып келбегендиктен, оппозиция өзүнүн талаптарын мурдагыдан да катуурак кое турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG