Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Вашингтондо бүгүн АКШ жана Кытай президенттери жолугат


Жорж Буш менен Ху Цзиньтаонун сүйлөшүүлөрүндө негизги көңүл соода алкаларына бурулчудай. АКШнын Кытай менен соода дефицити былтыр 202 миллиард долларды түзгөн.

Ху Цзиньтао америкалык товарлардын кытай базарындагы атаандаштыгын арттыруу үчүн кытай акчасы - юандын долларга карата курсун өзгөртүү жөнүндөгү Вашингтондун талабын четке какты. Бул тууралуу ал кечээ "Боинг" корпорациясынын ишканаларынын биринде чыгып сүйлөгөн кезинде айтты. Ху Цзиньтао ошондой эле Кытай алдыдагы беш жылда 600, ал эми 2021 –жылга карата 2 миң жаңы учакка муктаж экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG