БИШКЕК. Талоончулуктан жабыр тарткан ишкерлер алардын укугун коргоо боюнча мыйзам иштеп чыгуу өтүнүчү менен президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышты. Былтыркы март ыңкылабы маалында талап-тоноодон жабыр тарткан миңден ашуун ишкердин көпчүлүгү азыр кыйын абалда. Аларга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен бийликке кайрылуулардан эч кандай майнап болгон жок. Орто эсеп менен бул талоондо ишкерлер 1 миллиард 300 миң сомдон ашуун зыян тартышкан.