Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

АКШ «Манастагы» аскер базасы боюнча сүйлөшүүнү бүтүрүүгө даяр


БИШКЕК. «Биз Кыргызстандагы коалициялык «Манас» авиабазасын мындан ары да пайдалануу боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү тез арада бүтүрүү ниетиндебиз», деп айтылат АКШ элчилиги бүгүн тараткан билдирүүдө. Анда бул база Ооганстандагы террроризмге каршы согушка жана региондун коопсуздугуна чоң салым кошуп келгени, террорчуларды бул аймактан оолак кармоо үчүн кызматташуунун уланышы Кошмо штаттары менен Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келээри белгиленген. Кечээ президент Курманбек Бакиев «Манас» аба майданындагы аскер базасынын тагдырын ушул жайга чейин чечүү керектигин расмий Вашингтонго эскерткен билдирүү жасаган.

XS
SM
MD
LG