Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

КАДАМЖАЙДА АРКАБАЕВ АЛДЫГА ЧЫКТЫ


Кадамжай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нооман Аркабаев көпчүлүк добушка ээ болуп, утуп чыкты.

Кадамжай шайлоо округу боюнча талапкер Нооман Аркабаев 51,2 добушка ээ болуп, шайлоонун экинчи айлампасынан жеңип чыкты. Жергиликтүү байкоочулардын баамында шайлоонун экинчи айлампасы тынч жана мыйзам бузууларсыз өттү. Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясынан байкоочу Урпия Матисакованын айтымында элдин добуш берүүгө солгун катышуусу эмгек миграциясынын натыйжасы:

- Баардыгы тынч. Бирок бир жаман жери шайлоочулардын добуш бериши өтө начар болуп атат. Буга бир эле себеп бар, элдин баары Орусияга көчүп кетип калган.

Ошондой эле шайлоонун биринчи айлампасына караганда, бүгүнкү шайлоодо бир да эл аралык байкоочусунун катышуусу байкалган жок. Ал эми бей тарап көз карандысыз байкоочулардын саны жүзгө чукулдайт. Алардын көпчүлүгү "Жарандык коом жана демократия үчүн" коалицясы, Кыргызстандын аялдары партиясы жана адам укугу жана демократия уюмунун өкүлдөрү.

Баарынан кызыгы түнкү саат 23төрдө округдук шайлооком жыйынтыгын чыгарганга чейин эле Кадамжай шаарчасында жайгашкан Нооман Аркабаевдин штабынын жанында жеңиш майрамын шаңдуу белгилей башташты. Түнкү саат он эки жарымдарда гана Нооман Аркабаев чыгып шайлоочуларына ыраазылык билдирип, 25-апрель күнү өтө турган депутаттык орунду майлоо мааракесине чакыруу салды:

- Биздин №16 округдун шайлоочуларына, оштуктарга, ноокаттыктарга, кызылкыялыктарга, кадамжайлык, баткендиктерге тынчтык каалайм. 25-апрелде ушул жерден чогулуш кылып, кайсы жерде өтүүсүн айтабыз, ошол жерден белгилейбиз.

XS
SM
MD
LG