Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

КАДАМЖАЙДАН АРКАБАЕВ УТУП ЧЫКТЫ, КУРШАБДА ТОПОЛОҢ


23-апрель күнү Кадамжай жана Куршаб шайлоо аймактарында Жогорку Кеңешке шайлоонун экинчи айлампасы болуп өттү. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы 51,7% менен талапкер Нооманжан Аркабаевди жеңүүчү деп тапты. Ал эми Куршабда добуштарды бурмалоо болду деп талапкерлер ызы-чуу салып, шайлоо комиссиясы добуш берүүнү толук санап бүтө албай жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нина Мухинанын айтымында, алдын ала берилген маалыматтар боюнча, Кадамжай шайлоо аймагынан Нооманжан Аркабаев жеңип чыкты. Бул чөлкөмдө экинчи турда Н. Аркабаев менен Чолпон Султанбекова ат салышкан болчу.

Ал эми Куршаб шайлоо аймагында талапкерлердин жактоочулары ызы-чуу салып, аймактык шайлоо комиссиясын курчоого алышканына байланыштуу комиссия шайлоонун жыйынтыгын чыгара албай жатат.

Бул жакта депутаттык шайлоонун экинчи айлампасында талапкерлер Мамат Орозбаев менен Санжар Кыдыралиев ат салышкан. Алгачкы маалыматтарда алдыга Мамат Орозбаев озуп чыкканы айтылган. Бирок, Санжар Кыдыралиевдин тарапкерлери айрым участоктордо шайлоо акыйкатсыз өттү деген себеп менен нааразылык билдирип чыгышкан. Биз талапкердин өзү менен байланышканыбызда ал бери дегенде үч шайлоо участогунда мыйзам бузуулар болгонун билдирди
.
- №58 шайлоо участогунан бюллетендер жоголуп, №59 жана №64 шайлоо участокторунан чыгып отурат. Мунун баары далили менен, видеотасма бар,-деди Санжар Кадыралиев.

Шайлоого “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынан байкоочулар катышкан. Коалициянын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн координатору Руслан Ташановдун айтымында, айрым шайлоо участокторунда чыр-чатактар, эки талапкердин ишенимдүү адамдарынын ортосунда тирешүүлөр чыгып кеткен.

Коалициянын байкоочуларынын маалыматы боюнча, шайлоо учурунда талапкерлердин ишенимдүү адамдары тарабынан көз карандысыз байкоочуларга кысым көрсөтүлгөн:

№53 шайлоо участогунда талапкер Кыдыралиевдин ишенимдүү адамы өзүн юристмин деп тааныштырып, биздин көз карандысыз байкоочуларга кысым көрсөткөн,- -дейт Руслан Ташанов.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG