Тегерандык жетекчилердин соңку билдирүүлөрү, Кондализа Райстын баамында, Ирандын эл аралык коомчулуктан бөлүнүп,обочо калышына гана алып баралат. Райстын айтымында, Иран дүйнөгө кооп туудурушу мүмкүн, бирок ал өзүн-өзү изоляцияга кириптер кылып жатат.
Райс Коопсуздук Кеңеши Иранга зарыл чараларды көрө албаса, анда бул уюмга ишеним калбай турганын да эскертти. Райс атом энергиясын жайчылык максаттар үчүн пайдаланганга Ирандын укугу бар экенин моюнга алды, бирок бул режимдин мүнөзүн эске алып, ядролук технологияны Тегеран курал жасоого колдонушу ыктымал деп кооптонгонго негиз бар экенин белгиледи.
Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеи кечээ Судандын президенти Омар Башир менен жолугуп,Тегеран уран байытуу жагында жетишкен тажрыйбасын башка өлкөлөргө үйрөткөнгө даяр экенин ырастады. Башир болсо Ирандын уран байытуу технологиясына ээ болгонун жалпы ислам дүйнөсүнүн чоң жеңиши деп баалады.
МАГАТЭ Коопсуздук Кеңешинин өткөн айдагы резолюциясынын аткарылышы тууралуу ушул жумада отчет даярдап, Улуттар Уюмуна жөнөтүүгө тийиш. МАГАТЭде Ирандын ядролук курал түзүүгө аракеттенип жатканын ырастаган далилдер табылбаганын, ошол эле учурда Ирандын атомдук программасынын жалаң тынчтык мүнөзү тууралуу да толук ишеним жоктугун айтып жатышат. Ирандын өкүлү Али Ларижани кокус санкциялар жарыяланса, Тегеран МАГАТЭ менен кызматташканын токтото турганын эскертти. А эгер аскери операциялар башталса, Иран өз программасын жиги билинбегидей кылып катып салганга аргасыз болот,бирок ал баары бир токтотулбайт, деп айтты ал.
Cүрөттө : Ирандын уран байытуучу ишканаларынын биринде